Редакцияот 05.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Зергер айылды кеңешинин 6-чакырылыштагы кезектеги 27-сессиясы

2021-жылдын 5-февралы № 107

Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин узак мөөнөткө ижарага конкурс аркылуу берүү боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө

Зергер айылдык кеңешинин кезектеги 27-сессиясы Зергер айыл өкмөтүнүн Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин узак мөөнөткө ижарага конкурс аркылуу берүү жөнүндө жобого ылайык сунушталган комиссиянын курамын карап ,талкуулап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Зергер айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин узак мөөнөткө ижарага конкурс аркылуу берүү боюнча комиссиясынын курамы төмөнкү курамда бекитилсин: Самудинов А.-айылдык кеңештин депутаты,комиссиянын төрагасы; Мурзаибраимов Н.-айыл өкмөт башчысынын орун басары,комиссиянын төрагасынын орун басары; ______________________Зергер айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,комиссиянын катчысы;

 

мүчөлөрү:

Гапуров Х- айылдык кеңештин депутаты;

Каракозуев М.-жер турак жай маселелери боюнча башкы адис;

Мусурманкулов А.-айыл өкмөтүнүн юристи.

Орозбаев М.-ижара бухгалтер;

Кайыев С.- айылдык кеңештин депутаты;

Тиешелүү айылдын айыл башчысы.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Кулушов