Редакцияот 12.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Зергер айылдык кеңешинин (6-чакырылыштагы) кезексиз 28-сессиясы

2021-жылдын 12-марты № 115

Зергер айыл аймагынын Аюу,Кутурган,Зергер айылдарынын элдик жыйындарынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгарууга берген сунушутарын кароо жөнүндө

Зергер айыл аймагынын Аюу,Кутурган,Зергер айылдарынын жалпы элдик жыйындарынын «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарын карап талкуулап чыгып, Зергер айылдык кеңешинин кезексиз 28-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан эсүп өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Хакимов Аскаралига Зергер айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.

 

2. Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан эсүп өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Алпанов Канатбекке Зергер айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.

 

3. Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан эсүп өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Акматов Рысали Султаналиевичке Зергер айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.

 

4. «Зергер айыл аймагынын ардактуу атуулу» жөнүндөгү жобонун негизинде күбөлүк,төш белгисин даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

С.Кулушов