ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектүү XXIII сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 8
Жылалды айылындагы “Жылалды” орто мектебине Орозева Буалыймахандын атын коюу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектүү XXIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Жылалды айылынын тургуну Орозева Буалыймахандын “Жылалды” орто мектебине атын коюу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айылынын тургуну, Жылалды айылынын ардактуу атуулу, билим берүүнүн мыктысы, көп жылдар аралыгында “Жылалды орто мектебинин директору, билим берүүдө балдарга татыктуу тарбия берип эмгектенген Орозева Буалыймахандын атын “Жылалды” №8 орто мектебине берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |