ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXIV сессиясы
2021-жылдын 18-марты № 22
Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 7-көчөсүнө Жунусбаев Балтабайдын атын коюу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн Прогресс айылынын 7-көчөсүнө Жунусбаев Балтабайдын атын коюу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга кошкон салымын эске алуу менен, Жунусбаев Балтабайдын аты көчөдөгү жашоочулардын макулдугу менен Прогресс айылынын 7-көчөсүнө аты коюлсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |