ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXIV сессиясы
2021-жылдын 18-марты № 24
Прогресс айылында жеке менчик турак жай үчүн бөлүнгөн 0,08га жер тилкесинин ичинен 0,04га жер тилкесинин багытын күндө керектелүүчү дүкөн куруу деп өзгөртүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXIV сессиясынын күн тартибиндеги Прогресс айылында жеке менчик турак жай үчүн бөлүнгөн 0,08га жер тилкесинин ичинен 0,04га жер тилкесинин багытын күндө керектелүүчү дүкөн куруу багытына өзгөртүүгө уруксат берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жолболдуев Нурадил Хабибилаевичке Прогресс айылынан 15.08.2007-жылы №67 токтому менен жеке менчик турак жай үчүн бөлүнгөн 0,08га жер тилкесинин ичинен 0,04га жер тилкесинин багытын күндө керектелүүчү дүкөн куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитетура башкармалыгы, аталган жер тилкесине архитектуралык эрежелер боюнча мыйзам ченеминдеги уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан аталган жер тилкесине мыйзам ченеминдеги уруксат берүү документтерди даярдап берүү жагы суралсын .
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |