ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) XXV кезексиз сессиясы
2021-жылдын 26-марты № 29
Жылалды айыл өкмөтүндөгү Жылалды айылынын 15-квартал участкасындагы 2-көчөгө Акназаров Маматибраимдин атын коюу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) XXV кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүндөгү Жылалды айылынын 15-квартал участкасындагы 2-көчөгө Акназаров Маматибраимдин атын коюу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга кошкон салымын эске алуу менен, Жылалды айылынын ардактуу атуулу, Жылалды айылынын тургуну Акназаров Маматибраимдин аты Жылалды айылындагы 15-квартал участкасынын 2-көчөсүнө аты коюлсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |