ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) XXV кезексиз сессиясы
2021-жылдын 26-марты № 30
Жылалды айыл өкмөтүндөгү Жылалды айылынын 15-квартал участкасындагы 3-көчөгө Абдималиков Маннаптын атын коюу жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) XXV кезексиз сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүндөгү Жылалды айылынын 15-квартал участкасындагы 3-көчөгө Абдималиков Маннаптын атын коюу боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга кошкон салымын эске алуу менен, Жылалды айылынын ардактуу атуулу Абдималиков Маннаптын аты Жылалды айылындагы 15-квартал участкасынын 3-көчөсүнө аты коюлсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |