ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектүү XXIII сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 3
Жылалды айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Р.Убукеевтин 2020-жылда аткарган иштеринин отчету жана 2021-жылга карата түзүлгөн бюджетинин сметасын бекитип берүү жөнүндө
Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезектүү XXIII сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүндөгү жайыт комитетинин төрагасы Р.Убукеевтин 2020-жылда аткарган иштеринин отчету жана 2021-жылга түзүлгөн сметасын бекитип берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылалды айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Р.Убукеевтин 2020-жылда аткарган иштери боюнча маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жылалды айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылга түзүлгөн бюджети 241560 (эки жүз кырк бир миң беш жүз алтымыш) сомго бекитилсин. Тиркеме тиркелет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жылалды айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Акназаров |
Тиркеме |
Жылалды жайыт комитетинин 2020-жылдын 1-январынан 31-декабрга чейинки аткарган иштеринин
МААЛЫМАТЫ
Жылалды жайыт комитетинин 2020-жылга бекитилген бюджети 220000 сом 22 жайыт билети берилген. 31-декабрга карата аткарылган бюджет 220000 сом башкача айтканда 100%ти түзөт.
Аткарылган бюджеттин чыгымдалышы
1. Жер салык 63400 сом
2. Эмгек акы 82512 сом
3. Соц.фонд 56760 сом
4. Киреше салыгы 15968 сом
5. Инфраструктура 23000 сом
6. Конц.товар 5000 сом
7. Транспорттук чыгым 15000 сом
8. Банк кызматы 830 сом
9. Банктагы эсепте 1446 сом калдык акча бар.
Ошондой эле АРИСтин мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү 2-долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер жөнүндү айта кетсем 2020-жылы айыл чарбасына керектөө үчүн «сегментный косилка сатып алынды. Жалпы басы 133500 сом АРИС тарабынан 75% 100000 сом каржыланып, ал эми жайыт комитети тарабынан 25% 33500 сом болду.Чөп топтогуч грабил сатып алынды. Жалпы басы 70000 сом АРИС тарабынан 75% 52200 сомун каржыланып, ал эми жайыт комитети тарабынан 25% 17500 сом болду. Жер айдоого керектөө үчүн 45000 сомго жайыт комитетинин карамагындагы трактордон түшкөн акча каражатынын эсебинен сатып алынды. Шалы жумуштарына иштетүү үчүн 10000 сомго мала жасатылды.Алибай-Булак жайыт участкасына мал жандыктарды кармап эмдөө үчүн атайын раскол жасалды. Жалпы баасы 299046 сом, АРИС тарабынан 75% 223844 сом каржыланып, ал эми айыл өкмөтү тарабынан 5%тик накталай салымы 33800 сом, коомчулуктун 20%тик эмгек жана материалдык салымы 41402 сом болду.Алыскы жайыт болгон Кара-Дөбө жайыт участкасына мал жандыктар өтүү үчүн атайын көпүрө курулду. Жалпы баасы 306400 сом, АРИС тарабынан 75% 225000 сомун каржыланып, ал эми жайыт комитети тарабынан 5% тик накталай салымы 23000 сом, коомчулуктун 20%тик эмгек жана материалдык салымы 58400 сомдук болду.
Жалпы жайыт комитети чогулган жана трактордон түшкөн каражатынын эсебинен 2020-жылда 129000 сомдук жумуштарды сатып алууларды жүргүздүк.
Жылалды жайыт комитетинин төрагасы: |
Р.Убукеев |
БЕКИТЕМИН Ош облусунун Өзгөн районунун Жылалды айылдык кеңешинин кезектүү XXIII сессиясы 19-февраль 2021-жыл _________________М.Акназаров |
Ош облусунун Өзгөн районундагы Жылалды жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (жайыт комитетинин) 2021-жылга карата киреше жана чыгашаларынын бюджетинин сметасы
Киреше
№ | Малдын түрү | Малдын Саны | Которуу коеффиценти | Шарттуу малдын башы | Жайыт төлөмү (сом) | Сумма (сом) |
1 | Кой-эчки | 6433 | 0,2 | 1286,6 | 100 | 128660 |
2 | Жылкы | 202 | 1 | 202 | 100 | 20200 |
3 | Кара-мал | 927 | 1 | 927 | 100 | 92700 |
| Жалпы | 7562 |
| 2415,6 |
| 241560 |
Чыгаша
№ | Чыгымдардын аталышы | Штаттык бирдик | Айы | Баасы | Суммасы(сом) |
1 | Төраганын эмгек акысы | 1 | 12 | 5000 | 60000 |
2 | Бухгалтердин эмгек акысы | 1 | 12 | 3000 | 36000 |
4 | Соц.фонд 17,25% |
|
|
| 16560 |
5 | Түрдүү чыгымдар (Транспорт,конц.товар ж.б) |
|
|
| 20000 |
6 | Жайыт инфраструктурасы |
|
|
| 20084 |
| Жайыт комитетинин чыгымдары |
|
|
| 152644 |
7 | Райондук ЖПБ ассоциациясына |
|
|
| 4000 |
8 | Жер салык үчүн |
| 5134 | 16,54 | 84916 |
| Жалпы |
|
|
| 241560 |
Жайыт комитетинин төрагасы: | Р.Убукеев |