Редакцияот 18.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXIV сессиясы

2021-жылдын 18-марты № 11

Жылалды айыл өкмөтүнүн карамагында турган Прогресс айылынын башкы планына ылайык эски, жараксыз, кароосуз абалда турган маданият үйүн менчикке берүү жөнүндө

Жылалды айылдык кеңешинин (VI шайланган) кезексиз XXIV сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнүн карамагында турган Прогресс айылынын башкы планына ылайык эски, жараксыз, кароосуз абалда турган айылдык маданият үйүн менчикке берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Жылалды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жылалды айыл өкмөтүнүн карамагында турган Прогресс айылынын башкы планына ылайык эски, жараксыз, кароосуз абалда турган айылдык маданият үйүн 0,09 га жер тилкесин Закиров Алибайга менчикке берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мекемесинин Өзгөн филиалынан аталган жер аянтына муниципалдык ээлик кылуу укугун мыйзам чегинде каттап берүү жагы суралсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жеке менчик турак жай үй куруу, жер участокторун берүү, КБФ жерлерин ижарага берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Жылалды айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

М.Акназаров