НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 22-октябры № 2
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзуна 2021-жылга мүчөлүк акы төлөмүн төлөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу (мындан ары-ЖӨБ Союзу) органдары менен тыгыз кызматташууну улантуу жана ЖӨБ Союзунун Уставына ылайык 2021-жылга мүчөлүк акы төлөмүн төлөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу (мындан ары-ЖӨБ Союзу) органдары менен тыгыз кызматташууну улантуу жана ЖӨБ Союзунун Уставына ылайык ар бир жашоочуга 1 сомдон 2021-жылга мүчөлүк акы төлөмүн төлөө үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 15 400 (он беш миң төрт жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдувахидовго тапшырылсын.
Төраганын орун басары: | Г.К.Дуванаева |