НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 22-октябры № 4
Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К.Крупская атындагы орто мектептин бир окуу бөлмөсүн эмерек менен камсыз кылүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К.Крупская атындагы орто мектептин бир окуу бөлмөсүн эмерек менен камсыз кылүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Токтом кылат:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К.Крупская атындагы орто мектептин бир окуу бөлмөсүн эмерек менен камсыз кылүү үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 122 800 (бир жүз жыйырма эки миң сегиз жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты И.Имаровага тапшырылсын.
Төраганын орун басары: | Г.К.Дуванаева |