Редакцияот 22.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2021-жылдын 22-октябры № 5

“Ноокат жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын 2021-2022-жылдык жылытүү тарифин бектип берүү жөнүндө

“Ноокат жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын бүгүнкү күндө колдонулуп келе жаткан тарифтери, авариялар көбөйүп, бардык керектүү жабдуулар кымбаттагандыгын, инфляцияныы эске алганда өзүн-өзү актабай жаткандыгына байланыштуу “Ноокат жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын 2021-2022-жылдык жылытүү тарифин бекитип берүү жөнүндөгү муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Ноокат жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын 2021-2022-жылдык жылытүү тарифи төмөндөгүчө:

 

2021-2022-жылдык жылытуу тарифин баасы:

 

Юридикалык жактар үчүн 1 г/кал. эски тариф-3056,16 сом, жаны тариф-4500,7 сом;

 

Ноокат шаарынын тургундарына (физикалык жактарга) 1 г/кал. эски тариф-1134,76 сом калтырылып, жогорудагы көрсөтүлгөн тарифтер 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап колдонулсун.

 

2. “Ноокат жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасына жылытүү тарифтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашуу жагы жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты О.Ж.Тургунбаевге тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары:

Г.К.Дуванаева