Редакцияот 22.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2021-жылдын 22-октябры № 6

Ноокат шаарынын Бостон кварталынын Жаштык көчөсүнө трансформаторду орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын Бостон кварталынын Жаштык көчөсүнүн №1323 трансформаторунун ордуна Т.Умиров атындагы көчөсүндөгү №755 трансформаторду, анын ордуна №400/10 трансформаторду коюп берүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгу Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ноокат шаарынын Бостон кварталынын Жаштык көчөсүнүн №1323 трансформаторунун ордуна Т.Умиров атындагы көчөсүндөгү №755 трансформаторду, анын ордуна №400/10 трансформаторду кою үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

 

2. Уюштуруу иштерин аткаруу Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин директору Ж.Тиллаевге жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты М.Х.Исаковго тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары:

Г.К.Дуванаева