Редакцияот 22.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2021-жылдын 22-октябры № 8

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы ”Ноокат-Тазалык” муниципалдык ишканасынын чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы ”Ноокат-Тазалык” муниципалдык ишканасынын чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы ”Ноокат-Тазалык” муниципалдык ишканасынын чарбалык иштерди жүргүзүү үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 2 382 830 (эки миллион үч жүз сексен эки миң сегиз жүз отуз) сом акча каражаты 2512 беренесинин субсидия эсебине ажыратылып берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары О.Ж.Тургунбаевге тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары:

Г.К.Дуванаева