Редакцияот 22.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2021-жылдын 22-октябры № 9

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы ”Ноокат-Тазалык” муниципалдык ишканасына таштанды ташуучу үч унаа сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы ”Ноокат-Тазалык” муниципалдык ишканасына лизинг жолу менен атайын таштанды ташуучу үч унаа сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы ”Ноокат-Тазалык” муниципалдык ишканасына лизинг жолу менен атайын таштанды ташуучу үч унаа сатып алуу үчүн 5 000 000 (беш миллион) сом, таштанды контейнерлерди жасатуу үчүн 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаттары Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин 2021-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3112 беренесинин эсебинен Ноокат шаар мэриясынын алдындагы ”Ноокат-Тазалык” муниципалдык ишканасына которуп берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Орозалиевага тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары:

Г.К.Дуванаева