Редакцияот 22.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2021-жылдын 22-октябры № 10

Ноокат шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген “Бек Нем Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жол акысын 10 (он) сомдон 15 (он беш) сомго көтөрүүга макулдук берүү жөнүндө

Ноокат шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектеген “Бек Нем Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун катындагы күйүүчү майдын жана унаа тетиктердин баасы өсүп кеткендигине байланыштуу жол акысын 10 (он) сомдон 15 (он беш) сомго көтөрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясын берген тактамасынын негизинде сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ноокат шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген “Бек Нем Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жол акысын 10 (он) сомдон 15 (он беш) сомго көтөрүүга макулдук берилсин.

 

2. “Бек Нем Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жол акысы 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап колдонулсун.

 

3. Ноокат шаарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген “Бек Нем Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жол акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмү менен макулдашуу жагы жүктөлсүн.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология, архитектура, транспорт, агрардык маселелер жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешинин депутаты О.Ж.Тургунбаевге тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары:

Г.К.Дуванаева