НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 22-октябры № 13
“Ноокат жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын бир жылдык электр энергиясы үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
“Ноокат жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын бир жылдык электр энергиясы үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын пикирлери менен сунуштарын эске алып, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ноокат жылуулук камсыздоо” муниципалдык ишканасынын бир жылдык электр энергиясы үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2021-жылдын бюджетинин 702-бөлүмүнүн 2215-беренесинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты которулуп, жылдырылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары О.Ж.Тургунбаевге тапшырылсын.
Төраганын орун басары: | Г.К.Дуванаева |