КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 5- чакырылышынын кезексиз 33-отуруму
2021-жылдын 23-марты № 33/1
Конур-Дөбөайыл өкмөтүнүн 2021-жылдын1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1253,2 миң сом калган калдык акча каражатын 2021-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31 беренесинин 2 бөлүгүнө ылайык,
Калдык акча каражатын 2021-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Конур-Дөбө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Кайназаров жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Азимжановдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап
Конур-Дөбө айылдык кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Конур-Дөбөайыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата 2020-жылдан пайдаланылбай калган өздүк кирешенин эсебинен 1253,2 миң сом (анын ичинде атайын каражаттар- 56,2 миң сом) калдык акча каражатын 2021-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн такталган планына кошумча киргизилсин.
2. Айылдык кеңештин отурумунда талкууланган 2021-жылдын 1-январына карата 2020-жылдан пайдаланылбай калган 1253,2 мин сом(анын ичинде атайын каражаттар- 56,2 миң сом) акча каражаты 2021-жылдын бюджетиннин чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3. Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөөайыл өкмөтүнүн башчысы А.Азимжановго жана өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Исаковага милдеттендирилсин.
Конур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
Жээналиев С. |