КОНУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Конур-Дөбө айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын кезексиз 3 отуруму
2021-жылдын 26-августу № 3/4
Эски автогараждын жанындагы айыл чарбасына жараксыз жерден мончо куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 31 беренесинин 3 бөлүгүнө ылайык
Коңур-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Эски автогараждын жанындагы айыл чарбасына жараксыз жерден мончо куруу үчүн 0,20 сотых жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Элдер үчүн курулуп жаткан мончо жыл ичинде азыркы учурдун талабына ылайык курулуп бүткөрүлбөсө, токтом айылдык кеңеш тарабынан жокко чыгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссияга,айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Т.Кыдыркуловга тапшырылсын.
Коңур-Дөбө айылдык кеңештин төрагасы:- |
Т.Бегматов |