КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара - Суу шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясы
2021-жылдын 2-августу № 14/2
Кара-Суу шаарында айрым курулуш, оңдоп түзөө иштерин текшерүү үчүн комиссия түзүү жөнүндө
Кара - Суу шаарында 2019-жылы Нариман көчөсүнө асфальт төшөө, Терешкова, Умаров, Панфилов көчөлөрүнө латок коюу иштери тендерден өткөрүлүп, аягына толук чыкпай калгандыгынын себебин жана 2021-жылы Нариман, Улуков, Бейшеналиева көчөлөрүнө асфальт төшөөгө, көрктөндүрүүгө, түнкү жарыктандырууга каржыланган акча каражатын жана аткарылган иштердин көлөмүн, сапатын текшерүү сунушун карап жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара - Суу шаарында 2019-жылы Нариман көчөсүнө асфальт төшөө, Терешкова, Умаров, Панфилов көчөлөрүнө латок коюу иштери тендерден өткөрүлүп, аягына толук чыкпай калгандыгынын себебин жана 2021-жылы Нариман, Улуков, Бейшеналиева көчөлөрүнө асфальт төшөөгө, көрктөндүрүүгө, түнкү жарыктандырууга каржыланган акча каражатын жана аткарылган иштердин көлөмүн, сапатын текшерүү үчүн төмөнкү курамда бекитилсин:
1. А.Назаров - Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, комиссиянын төрагасы;
Мүчөлөрү:
2. Ш.Турсуналиев - Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты;
3. М.Турдиев - Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты;
4. Р.Таиров - Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты;
5. К.Шакеева - Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты;
6. С.Кокоев - Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты
7. Ж.Полотов - Шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин директору
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Р.Х.Хатамов |