Редакцияот 02.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара - Суу шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясы

2021-жылдын 2-августу № 14/4

Кара-Суу шаарындагы Ленин көчөсүндөгү автоунааларды иретке келтирүү, көчөнүн санитардык абалын жакшыртуу жөнүндө

Кара-Суу шаарындагы Ленин көчөсүндөгү автоунааларды иретке келтирүү, көчөнүн санитардык абалын жакшыртуу максатында жеке же юридикалык жактарга аукцион аркылуу ижарага берүү сунушун карап жана талкуулап шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кара-Суу шаарындагы Ленин көчөсүндөгү автоунааларды иретке келтирүү, көчөнүн санитардык абалын жакшыртуу максатында автомобиль жолдорунун өндүрүштүк-тилкелик башкармалыгы менен келишимдин негизинде, мыйзам чегинде жеке же юридикалык жактарга аукцион аркылуу ижарага берилсин.

 

2. Шаар мэриясы аукцион аркылуу ижарага берүүнүн мыйзамдуулугун карап чыгып, тийиштүү тараптар менен биргеликте иштер алынып барылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Р.Х.Хатамов