Редакцияот 02.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара - Суу шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги XIV сессиясы

2021-жылдын 2-августу № 14/6

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал – Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жазма буйруктары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Кара-Суу шаар мэриясынын, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин, “Кара-Суу Ак-Мээнет” ачык акционердик коомунун, “Кара-Суу Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчеттор жана жазма буйруктарынын карап жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Кара-Суу шаар мэриясынын, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаментинин, “Кара-Суу Ак-Мээнет” ачык акционердик коомунун, “Кара-Суу Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчеттор жана жазма буйруктарында көрсөтүлгөн финансылык тартип бузууларды жоюу жана финансылык тартип бузууларга жол койгон кызматкерлерге чара көрүү жагы Кара-Суу шаар мэриясына тапшырылсын.

 

2. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Р.Х.Хатамов