Редакцияот 15.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезектеги он биринчи сессиясынын (4-чакырылыштагы) жыйналышы

2021-жылдын 15-январы № 11/3

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовдун 2021-жылга карата айылдык аймагында аткарыла турган иш-чараларынын планын бекитүү жөнүндө

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовдун 2021-жылга карата айылдык аймагында аткарыла турган иш-чараларынын планын бекитүү маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовдун 2021-жылга карата айылдык аймагында аткарыла турган иш-чараларынын планын бекитүү маалыматын угуп, айрым сунуштар менен айыл өкмөтүнүн аймагында аткарыла турган иш-чаралардын планы бекитилсин.

 

2. Толуктоолор жана кошумчаларды иштеп чыгуу айылдык Кеңешитин депутаттарынан жана коомчулуктан түшкөн сунуштарды эске алуу жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовго тапшырылсын.

 

Төрага

Д.Токторов

Кеңеш айылдык кеңешинин 15.01.2021-жылдагы №11/3-токтомуна тиркеме

 

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовдун 2021-жылга карата түзгөн жеке иш-чараларынын ПЛАНЫ

 

№

Алдыга коюлган милдеттер

Аткарылуучу иш-чаралардын мазмуну

Күтүлүүчү жыйынтык

Аткаруу мөөнөтү ( күнү , айы, жылы )

Тиешелүү стратегиялык же программалык жана башка укуктук ченемдик актылар

Эскертүү

1.Экономикалык тармак, ишкердүүлүктү өнүктүрүү жана керектүү шарттарды түзүп берүү

1

Салыктын кошумча булактарын көбөйтүү

Салык алынуучу субьект-терден алынан салыктык төлөмдөрүнүн өсүү тепи 2020-жылга салыштырмалуу 3%ке өстүрүү

Салык төлөөчү-лөрдүн база кеңейтилип, бюджетке кошумча акча каражаты түшөт

Ар бир кварталдын жыйынтыгы менен жана 2021-жылдын ичинде

КР “Салык” кодексинин негизинде

 

2

Жаңы жумуш орундарын түзүүнү уюштуруу

“Кенеш Тазалык”, “ Кенеш Таза суу” МИсын түзүү аркылуу жергиликтүү бюджеттин көлөмүн өстүрүү

Убактылуу жаңы жумуш орундары түзүлөт

Ар бир кварталдын жыйынтыгы менен жана 2021-жылдын ичинде

КРӨ “2015-2020-жылдарга карата калкты жумуш менен камсыз кылуу жөнүндөгү” токтомдун негизинде

 

2.Айыл чарба тармагы боюнча.

3

Айыл аймагындагы ички арыктарды бетондоп оңдоп сугат суу менен камсыз кылуу

Кенеш айылдык аймагындагы “ Ш.Жусупов ”,”Жогорку-Талаа” участкаларына узундугу 5,5 км аралыкка ички арыктарды бетондоп оңдоо түзөп, ишке берүүнү уюштуруу ( айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жана үлүш ээлеринин эсебинен 80 миң сом )

 

 

Эшик алдын сугат суу менен камсыздалат жана эгилген жашылчаларынын түшүмдүүлүгү жогорулайт

2021 -жылдын 1-майына чейин

КР өкмөтүнүн “Айыл чарба жана ирригациясын системалаштыруу жөнүндөгү” программасынын алкагында

 

3.Жол, электр энергия менен камсыз кылуу тармагы боюнча

 

4

Айыл арасындагы жолдорду калыбына келтирүү

Кенеш айылдык аймагынын Кнеш, Пор айылдарындагы ички жана чарбалык жолдорду оңдоп, түзөөдөн өткөрүү ( жергиликтүү бюджетинин эсебинен)

Элдин каттамына жакшы шарт түзүлөт

2021-жыл ичинде

КР Өкмөтүнүн “Жол тармагын жакшыртуу жөнүндөгү” токтомуна ылайык

 

4.Билим берүү тармагы боюнча

5

Балдардын билим алуусуна шарттарды түзүүнү уюштуруу

Кенеш айылдык аймагынын Пор айылындагы Т.Сыдыков атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү (КРнын дем берүүчү гранттын эсебинен 3 млн сом, жеригилик-түү бюджеттин эсебинен 527 563 сом, жалпы 3 млн 527 563 сом )

Мектеп окуучуларынын сапаттуу билим алышына шарттар түзүлөт

2021-жылдын 1-августуна чейин

КРнын”Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык

 

6

Айылдык аймакта жайгашкан мектептердин парта, стулун жаңылоо

Ж.Акматалиев, Т.Сыдыков атындагы орто мектептеринин парта стулун жаныдан коюуну уюштуруу окуучулардын билим алуусуна шарттарды түзүү ( донолордун эсебинен ).

Мектеп окуучуларынын сапаттуу билим алышына шарттар түзүлөт

2021-жыл ичи

КРнын”Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык

 

7

Балдардын билим алуусуна шарттарды түзүүнү уюштуруу

Ж.Акматалиев атындагы орто мектебиндеги 1-4-класска чейинки окуучуларга чашке ( ысык тамак) тамак берүү үчүн шарттарды түзүү (жеригиликтүү бюлджттен 100 миң сом ).

Мектеп окуучуларынын сапаттуу билим алышына шарттар түзүлөт

2021-жылдын февраль айына чейин

КРнын”Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык

 

8

Балдар бакчасын куруу жана Жаш жеткинчектердин билим алуусуна шарттарды түзүү

 Кенеш айылдык аймагындагы 2 жаштан 7 жашка чейинки жаш жеткинчектерге балдар бакчасын курулуп калса балдарга мыкты шарттар түзүлөт жана жаңы жумуш орундары түзүлөт (донолордун эсебинен)

Жаш жеткинчектердин ой жүгүртүүсүнө жана чоң ата, чоң энелерге шарттар түзүлөт

2021-жыл ичи

КРнын”Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык

 

9

 И.Абдылдаев атындагы спорттук залдын ички эмеректер менен камсыз кылуу

И.Абдылдаев атындагы спорт залга келип машыккан өспүрүмдөргө мыкты шарттарды түзүү (донолордун эсебинен)

Өспүрүмдөрдүн райондук, облустук, республиканын деңгээлине чыгууга шарттар түзүлөт

2021-жыл ичи

КРнын “ Спорт туризм” мыйзамынын талаптарына ылайык

 

6.Коррупция менен күрөшүү боюнча

10

Коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чараларды алып баруу

Коомчулук арасында коррупция менен күрөшүү боюнча профлактикалык иштерди жүргүзсө

Коррупцияга бөгөт коюлат

Дайыма

КРнын “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык

 

7.Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча

11

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди уюштуруу

Кенеш айылдык аймагынын Пор айылындагы 21 үй-бүлөсүн коопсуз жайга көчүрүп чыгуу жана көчпөгөн жарандардын сертификатын таап сотко өткөрүү боюнча чараларды көрүү

Калктын коопсуздугу камсыздалат

2021-жылдын ичинде

КРӨнүн “Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу жөнүндөгү” жана КРӨнүн “Табигый кырсыктардын алдын алуу жөнүндөгү” токтомдоруна ылайык

 

 

Кеңеш айыл

өкмөтүнүн башчысы

 

Т.Калмуратов