КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезектеги он экинчи сессия (4-шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 4-марты № 12/1
Кеңеш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетин 2021-жылга карата бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде ошондой эле 4-беренесине ылайык жайыт жерлеринин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында Кенеш, Пор айылдарында өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколдорунда көрсөтүлгөн жана 2021-жылга жайыт пайдалануучулардын мал жандыктары үчүн жайыт пайдалануу тарифтерин бекитүү жөнүндөгү токтомун угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңеши токтом кылат:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинде жана элдик жыйынында айтылган сунуштардын негизинде 2021-жыл үчүн жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү төмөндөгүдөй белгиленсин;
- Ири мүйүздүү 1 баш үчүн 50 сом
- кой-эчкилери 1 баш үчүн 15 сом
- Жылкылар 1 баш үчүн 50 сом
2. Пада баккан падачы кимден алгандыгы жөнүндө фамилиясын,атын, кой же уйун багып жаткандыгы тууралуу так маалымат беришсин. Падачы берген тизменин негизинде кивитанция жазып берүү жагы ЖПБ төрагасына милдеттендирилсин.
3. Жайыт жерди башка максаттарга пайдаланып, өз алдынча өздөштүрүүгө багыттап же госактыга түшүрүп, тегерегин тосуп алгандар, аренда катары пайдалангандар жайыт салыгын Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын 11.1.3-беренесине ылайык келишимдик негизде төлөө жагы каралсын.
4. Жайыт комитети менен өз ара элдин койун баккан падачы келишим түзсүн, жайыт салыгын өндүрүп берүү жагы кой, мал баккан падаычыга милдеттендирилсин.
5. Кеңеш айыл өкмөтү пайдалануу үчүн жайыт салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетине багыттоо милдети жүктөлсүн.
6. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын бир айына 2300 сом иниспекторлорго 1600 сом өлчөмүндө эмгек акы бекитилсин.
7. Кеңеш айыл өкмөтүнүн жайыт жерлеринин жалпы аянтты 2485га пайдаланган жер аянты 1323 га жер салыгы 1 га жер аянтына 5 сом 30 тыйындан бекитилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовго милдеттендирилсин.
Төрага | Д.Токторов |