Редакцияот 04.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезектеги он экинчи сессиясынын (4-шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 4-марты № 12/2

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинен калдык акча каражатын 2021-жылдын бюджетине кошумча киргизүү жөнүндө

Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинен калдык 502781 сом акча каражатын 2021-жылдын бюджетине кошумча киргизүү боюнча депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кенеши токтом кылат:

 

1. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдан 502781 сом акча каражаты айрым статьялардан үнөмдөлүп калган акча каражаты 2021-жылдын бюджетине кошумча киргизилсин.

 

2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата кирешелер бөлүгү 6 967981 сом, чыгашалар бөлүгү 6 967981 сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин социалдык маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштар иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.Токторов