КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезектеги он экинчи сессиясынын (4-шайланган) жыйналышы
2021-жылдын 4-марты № 12/4
Кеңеш айылдык аймагындагы спорттук залынын иштөө тартибин аныктоо жана аны бир жаранга бекитип берүү жөнүндө
Кеңеш айылдык аймагындагы Ы.Абдылдаев жана Ж.Акматалиев атындагы орто мектептеги спорттук залдары күндөн –күнгө ар тараптуу спорттук иш-чаралардын баш аламан өтүп жаткандыгынан, эл арасында ар түрдүү маселелерди жаратып жатат. Жаштарга шарт түзүү , сергек жашоосун камсыздоо максатында , жалпы эл 2 млн сом өздүк салым топтоп, АРИСтин каржылоосу менен 10 млн сомдук долбоорду ишке ашырып, 2015-жылы пайдаланууга берилген.
Бирок, азыркы учурда кароосуз калып, спорттук залы ремонт талап кылууга дуушар болууда.Анткени аны көзөмөлгө алып, тартипке салган адис жок. Мектептин кароосунда болгон менен айылдын жаштары пайдаланып жатат.
Ошондуктан , спорттук залды бир адиске берип, анын иштөө графигин түзүп, спорттук сексияларды уюштуу жана аны пайдалануу ижара акысын белгилешибиз керек.Ошондо , спорттук залдын имараты талапка ылайык сакталат жана айрым ремонттоо иштерине ижара акысынан жумшаса болот деген депутат М.Абдылдаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кеңеш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кеңеш айылындагы Ы.Абдылдаев атындагы спорттук залын иштетүү аны көзөмөлгө алуу, күнүмдүк иштөөнүн графигин түзүү, ар түрдүү спорттук иш-чараларды майрамдарда жана башка күндөрдө уюштуруп өткөрүүнү жана ал имаратты өз деңгээлинде сапаттуу сакталышын жана техникалык -материалдык базасын чыңалышын камсыздоо жагы Ж.Акматалиев атындагы орто мектебини дене-тарбия мугалими Б.Оморовго тапшырылсын.
2. Айыл ичиндеги райондук деңгээлде уюштурулган жаш-жашына карап (поколение ) волейбол, футбол жана башка ар түрдүү өткөрүлүүчү спорттук иш-чаралардын ижаралык акысы 5000 ( беш миң ) сом деп белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовго жана мектептин жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага | Д.Токторов |