Редакцияот 04.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин кезектеги он экинчи сессиясынын (4-шайланган) жыйналышы

2021-жылдын 4-марты № 12/5

Айыл чарба өсүмдүктөрдүн ооруларын , зыянкечтерден, отоо чөптөрдөн коргоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн акысын бекитүү жана карантини жөнүндө

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, оорулардан , зыянкечтерден, отоо чөптөрдөн коргоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн акысын бекитүү жана карантини жөнүндөгү айылдарга кеңеш берүү боюнча жеке ишкер Уланбек уулу Дөөлөтбектин маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңеши токтом кылат:

 

1. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, оорулардан , зыянкечтерден, отоо чөптөрдөн коргоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн акысын төмөндөгүдөй белгиленсин;

 

- бир жана эки жылдык мөмө бак дарактарга 1 түп үчүн 50 сом;

 

- 3 жылдык мөмөлүү дарактар үчүн 120 сом;

 

- 1 га айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерге, отоо чөптөргө ар түрдүү илдеттерге каршы даарылоо иштеринин кызмат акысы 1200 смо өлчөмүндө бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык кеңешинин агрардык, азык-түлүк,жер жана ресурстарды, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Д.Токторов