Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз 10-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 8-октябры № 10/3
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 сандуу “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомунун негизинде Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылынын Сай-Талаа участкасындагы 6-03-06-1006-0177чи код менен катталган 53053,0м2жер аянттын турак жай салуу үчүн жер участкасына муктаж жарандарга жер бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177сандуу “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомунун негизинде Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылынын Сай-Талаа участкасындагы 6-03-06-1006-0177чи код менен катталган 53053,0м2жер аянттын турак жай салуу үчүн жер участкасына муктаж жарандарга жер бөлүп берүү боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жер адисинин берген маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177сандуу “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомунун негизинде Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылынын Сай-Талаа участкасындагы 6-03-06-1006-0177чи код менен катталган 53053,0м2жер аянттын турак жай салуу үчүн жер участкасына муктаж жарандарга жер 0,07га жер бөлүнүп берилсин.
2. Кара-Кулжа райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын атайын дайындалган кызматкер жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 сандуу “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомунун талаптарына ылайык Кызыл-Жар айыл аймагындагы айылдардын жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер бөлүштүрүү комиссиянын торагасы Абдилазиз уулу Бактыбек жер тартып берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайың-Талаа айылынын Сай-Талаа участкасындагы 5-03-06-1006-0177чи коду менен катталган 53053,0 м2 жер аянттын турак -жай салуу үчүн жер участкасына муктаж жарандарга 0,07 га жерге керектүү документтерин бүтүртүү жана айылдык. Кеңешинин негизинде токтом чыгарып берүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевге жүктөлсүн.
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык кеңешинин агрардык өнүктүрүү жана жер боюнча меселелерди кароо боюнча комиссиясынын төрагасы Д.Зарипбековго милдеттендирилген
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Матикеев |