Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезектеги 12-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2019-жылдын 27-февралы № 12/2
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө АРИС тарабынан келген тракторлорду иштетүү механизими, баасын жана трактористтеринин, эмгек аксын бекитип берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө АРИС тарабынан келген КОО маркасындагы тарактор бир машина шагал толтуруп берүү үчүн 500 сом, ал эми эки тарактор жер айдоосун бир сотых жерге 30 сомдон, ал эми кыркым пункутун иштетүү баасы ар бир койду кыркуу үчүн 50 сом, кой мончо ар бир койду салуу үчүн 25 сом болуп бекитилсин.
2. Жогорудагы бекитилген баалар Кызыл-Жар айыл аймагындагы тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы жайыт комитеттинин башчысы Б.Сактановко милдеттендирилсин.
3. Кызыл-Жар айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, суу чарба, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын торагасы Д.Зарипбековго милдеттендирлсин.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Матикеев |