Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезектеги 12-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2019-жылдын 27-февралы № 12/3
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн КБФнын жерлерин бөлүштүрүүдө аренда жерлерди баалоо жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн кайрак айдоо 1га 550 сомдон, чөп орунду 1га 550 сомдон баалоо жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сын-сунуштарын эске алып, Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы күн тартибинде каралган маселе боюнча КБФнын жер аянттарын ижара аркылуу аукциондук баада төмөндөгүдөй белгиленсин:
а) Кайрак жер 1,0 га 550
б) Чоп орунду 1,0 га 550
2. Аренда жеринин жер салыгы, соц фондго төлөмдөр ушул суммадан кармалсын.
3. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Маметов аукциондук баада келишимдик негизде ижарага берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айыл айылдык кеңештеги агрардык, азык-түлүк, суу чарба, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Зарипбековго милдеттендирилсин.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Матикеев |