Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз 13-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2019-жылдын 6-майы № 13/1
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн айыл аймагынын Терек, Коо-Чаты, Күйө-Таш, Кайын-Талаа айылдарынын калкын жакынкы жана алыскы жайыттарга көчүрүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн ар бир айылында көчүп конуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, элдик жыйындар өкөрүлүп протоколдун негизинде күндөрү белгиленгендиги боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн айыл аймагынын Терек, Коо-Чаты, Куйо-Таш, Кайын-Талаа айылдарынын калкын, жакынкы жана алыскы жайыттарга кочүрүү мөөнөтүн 15-майда жакынкы жайтка көчүрүү, 5-июнга чейин, ал эми алыскы жайыттка 5- июндан көчүп чыгуусу көчүп келүүсү15 - сентябрда көчүп келүү жагы белгиленсин.
2. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жакынкы жана алыскы жайыттарды пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жакындан жүргүзүү жагы Терек, Коо-Чаты, Күйө- Таш, Кайын-Талаа айылдарынын айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Кызыл-Жар айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, суу чарба, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Зарипбековго милдеттендирилсин
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Матикеев |