Редакцияот 24.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз 15-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

2019-жылдын 24-октябры № 15/2

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жар айылына курула турган таза суу программсын ишке ашыруу үчүн ага скважина жана суу топтоочу кампа куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жар айылына курула турган таза суу программсын ишке ашыруу максатында Кызыл-Жар айылынан таза суу түтүктөрүн тартуу жана скважина жана суу топтоочу кампа курууга Үстүнкү-Талаа участогунан 0,5га жер аянтты бөлүп берүүго уруксат берилсин.

 

2. Тийиштүү кагаздарын бүтүрүп берүү жагы жана Кара-Кулжа райондук архитектурасынан (АПШ) түздүртүп берүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карыяевга жүктөлсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, суу чарба, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Зарипбековго милдеттендирлсин.

 

Кызыл-Жар айылдык

кеңешинин төрагасы

 

С.Матикеев