Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз 15-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2019-жылдын 24-октябры № 15/3
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек айылынын Терек айылдык китепканасына А.Абдымомунов атындагы орто мектептин жер аянтынан жер бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек айылынын Терек айылдык китепканасы курулганына 3 жылдан ашты, ушул мезгилдерге чейин Гос акт алына элек себеби А.Абдыммоунов атындагы орто мектебине тийиштүү жер аянттына курулгандыктан, китепканага Г ос акт алуу үчүн мектептин жер аянттынан бөлүп берүү керектиги боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жер адсинин маалыматын укуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек айылынын Терек китепканасына Гос акт алуу үчүн А.Абдымомунов атындагы орто мектебинин жер аянттынан 62,30 м2 жер бөлүнүп берилсин.
2. Гос акт алуу үчүн тийиштүү кагаздарын бүтүрүү жана алуу жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Маметовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айыл айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, суу чарба, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Зарипбековго милдеттен дирилсин.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Матикеев |