Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз 15-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2019-жылдын 24-октябры № 15/4
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайын-Талаа айылынын №28 айылдык китепканасына К. Мамаев атындагы орто мектептин жер аянтынан жер бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайын-Талаа айылынын №28 айылдык китепканасы курулганына 2 жылдан ашты, ушул мезгилдерге чейин Гос акт алына элек себеби К. Мамаев атындагы орто мектебине тийиштүү жер аянттына курулгандыктан, китепканага Гос акт алуу үчүн мектептин жер аянттынан бөлүп берүү керектиги боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жер адсинин маалыматын укуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайын-Талаа айылынын №28 китепканасына Гос акт алуу үчүн К. Мамаев атындагы орто мектебинин жер аянттынан 420 м2 жер бөлүнүп берилсин.
2. Гос акт алуу үчүн тийиштүү кагаздарын бүтүрүү жана алуу жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Маметовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айыл айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, суу чарба, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Зарипбековго милдеттен дирилсин.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Матикеев |