Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезексиз 15-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2019-жылдын 24-октябры № 15/6
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жар айылына курула турган таза суу программсын ишке ашыруу үчүн ага скважина жана суу топтоочу кампа куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жар айылына курула турган таза суу программасын ишке ашыруу максатында Кызыл-Жар айылынан таза суу түтүктөрүн тартуу жана суу кампасын курууга Үстүнкү-Талаа участогунан 0,5га, скважина курууга Сай-Талаадагы эски гараждын ордунан 0,5га жер аянтты бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Тийиштүү жерлерден уруксат кагаздарын алуу жана Кара-Кулжа районунун Шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгына Архитектуралык пландоо Шартын (АПШ) түздүртүп берүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карыяевке жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айыл айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, суу чарба, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д.Зарипбековго милдеттендирилсин.
Кызыл-Жар айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Матикеев |