Редакцияот 14.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Жар айылдык кеңешинин кезектеги 16-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

2020-жылдын 14-февралы № 16/1

2019-жылдын жыйынытыгы менен 2020-жылга карата милеттери жана Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык жактан өнүгүшүнүн абалы боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карыяевдин берген маалыматы жөнүндө

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын 2019-жылдын жыйынтыгы менен 2020-жылы милдеттери боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карыяевдин 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча берген маалыматын угуп жана талкуулап жетишкендиктерди жана анча-мынча кемчиликтерди эске алуу менен канаатандырарлык деп табылсын.

 

2. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын 2020-жылга карата милдеттерин долбоору Кызыл-Жар айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан жактырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык кеңешинин участкалык депутаттарына жана туруктуу комиссиянын жергиликтүү бюджетинин иштетилишинин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Карагозуевке тапшырылсын.

 

Кызыл-Жар айылдык

кеңешинин төрагасы

 

С.Матикеев