Редакцияот 27.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төөлөс айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги кырк үчүнчү сессиясы

2021-жылдын 27-январы № 43-5

Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Муркут айылынын Суу_Коробос бөлүмүндөгү жайгашкан жайыт жер тилкесин жеке ишкерлерге көп жылдык мөөнөткө ижараага берүүгө айыл тургундарынын нараазычылкытары жөнүндө

Муркут айылынын Суу-Коробос бөлүмүнүн жашоочуларынын суроолорун койгон талаптарын канааттандыруу максатында.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу Муркут айылынын Суу-Коробос бөлүмүндө жайгашкан жайыт жер тилкесин жеке ишкерлерге ижарага берүүгө макулдук берилбесин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу, токтом аткарылгандыгы жөнүндө айылдын тургундарына 20-февралга чейин кеңири маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы А.Темировго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Бакировго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Мыйзамдуулук,мандат, укук жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төөлөс айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

М.Абдырахманов.