Редакцияот 15.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы

2020-жылдын 15-сентябры № 6

“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө

Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин “Ардактуу атуул” наамына көрсөтүү үчүн Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Бакировдун сунушун талкуулап, Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай районунун прокурорунун жардамчысы Мерканов Адилет Асановичке Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин “Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

 

Кашка-Суу айыл аймактык

кеңешинин төрагасы

 

Ы.Ж. Эрмаматов