Редакцияот 17.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы

2021-жылдын 17-февралы № 10

Кашка-Суу айылына Кашка-Суу дарыясынан сууну кайра иштетүүчү ишкана курууга жана “Оргума” булак суусун “Таш-Арык” участкасына чейин тартып келүү үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылынын “Таш-Арык” участогуна сууну минералдык суу катары кайра иштетүүчү ишкана курууга жана “Оргума” булак суусун “Таш-Арык” участкасына чейин тартып келүү үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү максатында

 

Токтом кылат

 

1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылынын “Таш-Арык” участкасына Кашка-Суу дарыясынын суусун минералдык суу катары иштетүү үчүн 1 га жер аянтын ишкана куруу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. “Оргума” булак суусун Таш-Арык участкасына тартып келүү үчүн узуну 12000 метр, туурасы 2 метр, жалпы 24 000 метр кв жер аянтын КРнын мыйзамдарына ылайык бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Кашка-Суу айылдык аймагынын

кеңешинин төрагасы

 

И.Ж.Эрмаматов