КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги биринчи сессиясы
2021-жылдын 17-февралы № 14
Сары-Могол 2 учаскасынан “Берешен ЛТД” ЖЧКсына көмүр кенин изилдөөгө макулдук бербөө жөнүндө
“Берешен ЛТД” ЖЧКсынын көмүр изилдөө үчүн берилген № 6435 СР лицензиясына Кашка-Суу айылдык кеңеши
Токтом кылат
1. “Берешен ЛТД” ЖЧКсынын Сары-Могол 2 учаскасынан көмүр кенин изилдөө үчүн № 6435 СР лицензиясына карап чыгып, суралган 1119,36га жер аянты Кашка-Суу айылдык аймагынын жакынкы жайыты экендигин эске алып экологиялык тазалыкты сактоо максатында “Берешен ЛТД” ЖЧКсына көмүр кенин изилдөөсүнө макулдук берилбесин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы |
И.Ж.Эрмаматов |