Редакцияот 25.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы

2021-жылдын 25-майы № 3

Жайлоого көчүп кетүү жана көчүп түшүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасынын жана айыл башчылардын жайлоого көчүп кетүү жана көчүп түшүү жөнүндөгү билдирүүлөрүн угуп, айылдарда өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечимдеринин негизинде Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Элдин малын жайлоого көчүп чыгаруунун акыркы мөөнөтүн 2021-жылдын 1-июну жана жайлоодон көчүп түшүүнүн күнүн 2021-жылдын 15-сентябрдан кийинки мөөнөт бекитилсин.

 

2. Жайлоонун экинчи көчүү мөөнөтү 2021-жылдын 10-июлунан кийинкиге белгиленсин.

 

3. Белгиленген мөөнөткө чейин (15-сентябрь 2021-жыл) элдин эгинине түшкөн кара малга (жылкы, уй, топоз, эшек) биринчи жолу эскертүү берип, экинчисинде кайталанса мал башына 500 (беш жүз) сом өлчөмдө майда малга 300 (үч жүз ) сом айып пул салынсын.

 

4. Белгиленген мөөнөткө чейин малдар тушсо (15-сентябрь 2021-жыл ) камалган малдын өлүмүнө эч ким жооптуу эмес экендиги белгиленсин.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга тапшырылсын.

 

Кашка-Суу айылдык аймагынын

кеңешинин төрагасы

 

А.Баатыркулов