КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
2021-жылдын 25-майы № 4
Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу Кашка-Суу айылына нан бышыруучу жай жана тигүүчү цех куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылына нан бышыруучу жай жана цех куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү максатында
Токтом кылат
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кашка-Суу айылдык аймагынын муниципиалдык менчигинде турган базардын ичинен нан бышыруучу жай жана кийим тигүүчү цех куруу үчүн 300м2 жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы |
А.Баатыркулов |