Редакцияот 25.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы

2021-жылдын 25-майы № 5

Кашка-Суу айылдык аймагына караштуу Бурган-Суу айылындагы “Таш-Булак” участкасынан топурак алуу үчүн карьерге жер аянтын чектеп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган -Суу айылындагы “Таш-Булак” участкасынан топурак алуу үчүн карьерге жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү Бурган-Суу айылынын тургундарынын билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши

 

Токтом кылат

 

1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылындагы “Таш-Булак” участкасынан топурак алуу үчүн карьерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Кашка-Суу айылдык аймагынын

кеңешинин төрагасы

 

А.Баатыркулов