КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 9-июну № 2
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо үчүн жашыруун добуш берүүнү уюштуруп өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын 2021-жылдын 9-июнундагы протоколунун негизинде Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону өткөрүү боюнча эсептөө комиссиясынын 2021-жылдын 9-июнундагы протоколуна ылайык көпчүлүк депутаттардын 12 (он эки ) добушун алгандыгына байланыштуу Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп А.Ж.Рахманов дайындалсын.
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин төрагасы |
А.Баатыркулов |