КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
2021-жылдын 6-июлу № 7
Жакынкы жайыт катары пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жайылма айылынын түштүк тарабынын “Беш-Колот” участкасындагы жайытты жакынкы жайыт катары элдин пайдалануусуна берүүгө макулдук берүү жөнүндө Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жайылма айылынын түшүк тарабынын “Беш-Колот” участкасындагы жайытты жакынкы жайыт катары элдин пайдалануусуна берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин Экономика, инвестиция тартуу, жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин төрагасы |
А.Баатыркулов |