Редакцияот 06.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I кезектеги сессиясы

2021-жылдын 6-майы № 1

“Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө”

Бешик-Жон айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги I- сессиясы, эсептөө комиссиясынын төрайымы Кадырбаева Бүбатма Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 37-беренесин эске алуу менен ошондой эле билдирүүсүн угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бешик-Жон айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги I- сессиясы, эсептөө комиссиясынын Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча өткөргөн отурумунун №1 токтому бекитилсин.

2. VIII-чакырылыштагы Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы болуп Чолпонбаев Акимбек Токтосунович эсептелсин.

3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы убактылуу жооптуу катчынын милдетин аткаруучуга милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

5. Бул токтомдун көчүрмөсү райондук Аймактык Шайлоо Комиссиясына жөнөтүү жагы убактылуу жооптуу катчынын милдетин аткаруучуга милдеттендирилсин.

 

Бешик-Жон айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Чолпонбаев.