БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын III кезектеги сессиясы
2021-жылдын 2-июну № 1
“Бешик-Жон айыл өкмөтүн шайлоо жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги III- сессиясы, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,14,18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык өткөрүлгөн Бешик-Жон айыл өкмөт башчысын шайлоо жөнүндөгү Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл өкмөт башчысын шайлоо жөнүндөгү Аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Этика жана Мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Чолпонбаев. |