БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектеги сессиясы
2021-жылдын 19-майы № 2
“Кызмат көрсөтүүчүлөрдү тандоо боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги II- сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Спорт комплексинин ишке киргизүү жөнүндөгү “Кызмат көрсөтүүлөрдү тандоо боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү жобосу боюнча айыл өкмөт башчысы А.Адишовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айылынын борбордук стадионуна Республикалык бюджеттен каржыланып курулган спорт комплексин ишке киргизүү максатында “Кызмат көрсөтүүлөрдү тандоо боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү типтүү жобосу” №1 тиркемеге айылык бекитилсин.
2. “Кызмат көрсөтүүлөрдү тандоо боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобосун” ишке ашыруу жана жумушчу топ менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы айылдык кенешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Билим берүү жана саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар саясаты боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Чолпонбаев. |