БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 19-майы № 4
“Демилгелүү Жаштар” жумушчу тобунун сунушун кароо жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги II сессиясы, “Демилгелүү Жаштар” Жумушчу тобунун, Бешик-Жон айыл аймагынын айылдарын жаштарынын жыйындарында жергиликтүү жамааттын көйгөйлөрүн талкуулап, жергиликтүу жамааттан, жаштардан түшкөн ой-пикир, сунуштарын, Жумушчу топ мүчөлөрүнүн билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаштардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча түзүлгөн иш-чаралар Бешик-Жон айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилсин
№ | Иш-чаранын мазмууну | Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булагы | Аткарууга жооптуулар |
1 | Таштандыларды чыгаруу | 2020-2021 | Жеке ишкерлер, эл аралык уюмдар | Айыл өкмөтү |
2 | Негизги көчөлөрдү жарыктандыруу(карача,Жон айылдарын) | 2020-2021 | Айыл өкмөтү,жеке ишкерлер,эл аралык уюмдар | Айыл өкмөтү |
3 | Эс алуучу жайын ондоп түзөө | 2020-2021 | Жергиликтүү бюджет, ата-энелер,жеке ишкерлер, эл аралык уюмдар | Айыл өкмөтү |
4 | Кичи футбол аянтчасын куруу (карача айылында) | 2020-2021 | Жергиликтүү бюджет, ата-энелер, жеке ишкерлер, эл аралык уюмдар | Айыл өкмөтү, мектеп директорлору |
2. Ушул токтом менен бекитилген иш-чараларды аткаруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет, өнөр жай, курулуш, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүү боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Чолпонбаев. |