БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бешик- Жон айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектеги сессиясы
2021-жылдын 19-майы № 7
“Ар түрдүү маселелер жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги II- сессиясы, Бешик-Жон айылдык кеңештин VIII-чакырылышынын кезектеги II- сессиясына коюлган Бешик-Жон айылындагы эстеликтин айланасын ижарага берүү жөнүндөгү Акматов Манасбек, Кааров Кутназардын жана айыл жаштарынын Бешик-Жон айылындагы Жеңиш эстелигинин айланасына балдар эс алуучу жай катары жеке ишкерликке иштетүүгө сураган кайрылууларын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Бешик-Жон айылынын боруборунда жайгашкан Жеңиш эстелигинин айланасы жаштардын суроо талаптарына негиз балдар эс алуу жайына ген план түзүлүп, ген пландын негизинде конкурстук жол менен жеке ишкерлерге максаттуу пайдаланууга ижарага берилсин.
2. Эстеликтин айланасын көп жылдан бери өздөштүрүп, бак отургузуп, кароолчу болуп келе жаткан Акматов Манаска ген пландын негизинде жеке ишкерлик жүргүзүү үчүн конкурссуз бир ишкердик орду жеңилдетилген баада ижарага берилсин.
3. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы айылдык кенешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Агрардык азык түлүк экология маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Чолпонбаев. |